• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ТИМ маморгандардын өкүлдөрүнө эл аралык келишимдер тууралуу семинар уюштурду

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери” темасында окуу-семинар уюштурулду.

ТИМден билдиришкендей, семинар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча мыйзамдарды иш жүзүндө колдонуу боюнча мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Семинардын жүрүшүндө интерактивдүү сессия дагы өткөрүлүп, анда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тажрыйба алмашты, ошондой эле актуалдуу маселелерди, анын ичинде КРнын эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду өткөрүүнүн аспектилерин жана Кыргызстандын эл аралык келишимдик милдеттенмелерин аткарууда мамлекеттик органдардын ролун талкуулашты.

Семинардын катышуучулары бул иш-чара КРнын эл аралык келишимдерине тиешелүү бардык маселелер боюнча мамлекеттик органдардын өз ара натыйжалуу иштешине өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий