Кыргызстанда “Өкмөттүн акселераторлору” программасы башталды

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта, Кыргызстанда 100 күндүн ичинде реформаларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик кызматкерлерди жана кызыкдар тараптарды окутуу боюнча эки күндүк интенсивдүү тренинг – “Өкмөттүн акселераторлору” программасы башталды.

Иш-чаранын расмий ачылышын өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 17-мартына Өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин жыйынында белгиленген. Отурум КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Өкмөтүнүн жетекчилигинин катышуусу менен өтөт.

Комитет Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тесмкемеси менен 2022-жылы түзүлгөнү белгиленет.

Окутуу атайын механизмге негизделген, ал тармактын көйгөйлүү маселелерин тездетилген режим - 100 күндө чечүүнү билдирет. Бул иш-чара БАЭ Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусу менен өткөрүлүүдө.

Эске салсак, БАЭнин ийгиликтүү тажрыйбаларын жана алдыңкы өнүгүүсүн эске алуу менен 2021-жылы мамлекет башчысы тарабынан БАЭнин жогорку жетекчилиги менен Кыргызстанда тездетилген реформаларды өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу - Кыргызстанда “Өкмөттүк акселераторлорду” киргизүү боюнча макулдашуу жетишилген. Бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу маселеси өлкө президенти тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БАЭ өкмөтү менен эки тараптуу меморандумга кол койгон. Меморандум Кыргызстандагы “Өкмөттүк акселераторлор” долбоорун практикалык ишке ашырууну карайт жана ал учурда эки өлкөнүн биргелешкен аракеттери ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий