ТИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Дипломатия – бул эл аралык пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүү искусствосу. Дипломатия – эл аралык мамилеге таасир этүүчү техника жана чеберчилик, ошондой эле аныкталган бир эрежелерге жана салттарга баш иет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дипломатиянын тили – бул эки түрдүү түшүнүктү билдирүү үчүн колдонулган айтылыштар жана терминдер. Биринчиден, бул расмий дипломатиялык мамилелер жүргүзүлүп, эл аралык келишимдер түзүлгөн тил. Экинчиден, бул жалпы кабыл алынган дипломатиялык сөздүктү түзгөн атайын терминдер менен фразалардын жыйындысы.

Дипломатиялык документтер – булар расмий документтер, «мамлекеттик кагаздар». Дипломатиялык документтердин тили үчүн эң маанилүүсү тигил же бул маселе боюнча мамлекеттин позициясын так чагылдыруу, даана көрсөтүү.

Учурда расмий дипломатиялык мамилелерди жүргүзүү жана эл аралык келишимдерди түзүү үчүн милдеттүү бирдиктүү тил жок (мурун француз тили үстөмдүк кылчу). Акырындык менен бардык тилдерди тең укуктуу колдонуу принциби бекитилди. Көпчүлүк учурда эл аралык мамиле чөйрөсүндөгү тийиштүү мамлекеттик органдар расмий кат алышууларды, өзгөчө дипломатиялык документтерди өздөрүнүн улуттук тилинде жүргүзүшөт. Ошондой эле, кыргыз дипломатиясы дагы азыр активдүү түрдө мамлекеттик тилди колдонууда жана өнүктүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫН ишке ашыруу максатында көптөгөн иштерди жасап жатат. Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин жеке киришүүсү менен министрликте ички кат алышуулар, эмгек өргүүсүнө чыгуу/кайтуу арыздары жана башка документтер мамлекеттик тилде жүргүзүлүп баштады. Мындан сырткары, чыгыш каттардын бир бөлүгү жана ноталар мамлекеттик тилде жазылууда. Ошондой эле, Коллегия жана Аппараттык кеңешмелер мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

Мамлекеттик тилде жазылган документ түп нускасы болуп эсептелиши зарыл. Бирок документтер расмий тилде жазылып, анан мамлекеттик тилге которулуп жатат. Бул эң көйгөйлүү маселе, андыктан ар бир кызматкердин мамлекеттик тилди жеткиликтүү деңгээлде билүүсү талап кылынат. Учурда министрликтин кызматкерлеридокументтерди мамлекеттик тилде жазып келип, тил боюнча атайын адиске текшертишет. Башкы адис бардык кыргыз тилиндеги документтергелингвистикалык экпертиза жүргүзөт.Талап болгон жерде сөзсүз жыйынтык болору аныкталды. Чындыгында Министр тарабынан коюлган катуу талап, учурда өз жемишин бере баштады. Министрлик Улуттук программанын биринчи баскычын аткарды десек болот.

Министрликтин кызматкерлери мамлекеттик тил боюнча КЫРГЫЗТЕСТ сынагын тапшырышты. Тесттин жыйынтыгы менен алардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли аныкталып, башталгыч жана улантуучу топко бөлүнүп, кыргыз тилин окуп жатышат. Ошондой эле кызматкерлерге документтерди мамлекеттик тилде жазууда көмөкчү материал болсун деген максатта “Эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагындагы аталыштардын жана айтылыштардын орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү” чыгарылган. Бул сөздүк жеке эле ТИМдин кызматкерлерине гана эмес, башка министрликтер жана ведомстволор үчүн да кызмат кылууда.

Тарых жана маданият жылына карата “Кыргыз дипломатиясынын калыптанышынын негизги этаптары” аттуу окуу куралы да жарыкка чыккан.

Мындан сырткары “Дипломатия тармагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн ыкмалары” деген аталыштагы тегерек стол уюштурулуп, КРнын Президентинин аппаратынын, Өкмөтүнүн аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, окумуштуу- тилчилер катышкан. Катышуучулар мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл буруп, кыргыз тилин өнүктүрүүгө аракет көрүп жаткан Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевге ыраазычылык билдирип, жетекчи колдоого албаса мамлекеттик тилди өнүктүрүү кыйын экенин айтып өтүштү.

КР ТИМдин чет өлкөлөрдөгү мекемелери да мамлекеттик тилге арналган ар кандай иш чараларды өткөрүп, анын жыйынтыгы тууралуу маалыматты Борбордук аппаратка жиберип турат. Атай кетсек, Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги кыргыз-азербайжан сүйлөшмө сөздүгүн 100 нускада басып чыгарууну пландап жатат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги китепкана ачкан. Китепканада кыргыз жазуучуларынын адабий жана тарыхый чыгармалары, кыргыз музыкасы, ырлары жана кинолору камтылган дисктер, кыргыз элинин улуттук-руханий баалуулуктары камтылган көргөзмө бурчу бар. Мындан сырткары Элчилик “Манас-Семетей-Сейтек” үч илтигин хинди тилине которуп, 100 нускада басып чыгарды. 2016-жылдын 18-21-декабрында КРнын Президенти А.Атамбаевдин Индияга болгон иш сапары учурунда, бул китептин бет ачары болду. КРнын Женева шаарындагы Туруктуу өкүлчүлүгү кыргыз элинин рухий баалуулуктарын, маданиятын, тарыхын чагылдырган көргөзмө уюштурган. Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн кеңешмелер мамлекеттик тилде өткөрүлөт.Ал эми Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча көптөгөн иш – чараларды жүргүзүп турат. Фейбусктагы расмий баракчасында маалыматтар кыргыз тилинде берилет. Дипломатия боюнча мамлекеттик тилдеги макалаларды байма-бай чыгарып турушат. Япониядагы Элчилик болсо, кыргыз тилине кызыккан япон жарандарына кыргыз тили курсун уюштуруунун үстүнөн иштеп жатат. Кыргыз тил кабинети улуттук буюмдар менен жабдылат. Ал эми Сауд Араб Королдугундагы Элчилик, Эр-Рияд шаарында окуп жаткан кыргыз студенттерин чогултуп “Кыргыз тилинин эртеңки келечеги” деген темада жыйын өткөрдү. Бул иш-чаралардын баары 23-сентябрь кыргыз тил күнүн утурлай өткөрүлөт.

Мындан сырткары, Тышкы иштер министрлиги, КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери жана консулдуктары жарандардын кайрылууларына мамлекеттик тилде жооп беришет, кыргыз тилинде жазылган каттарга кыргыз тилинде жооп жазышат, жарандарды кабыл алууда кыргыз тилинде маек курушат. Расмий сайттагы баракчаларында маалыматтар кыргыз тилинде берилет. Мамлекеттик тилге байланышкан илимий конференцияларга активдүү катышып турушат.

Министрлик мындан ары да мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн көптөгөн иштерди жасоону пландаган. 2017-жылдын планында да кыргыз тил күнү алкагында иш-чараларды өткөрүү, иш кагаздарын толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүү, окуу куралдарын басып чыгаруу, илимий конференцияларга катышуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий