• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өткөн жылы 369 млрд 613 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 13.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылы 369 млрд 613 млн сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл айыл чарба продукциясы өткөн жылга салыштырмалуу 8 млрд 312 млн сомго көп өндүрүлүп, өсүү темпи 106,2 %ды түздү. Анын ичинен мал чарба продукциясы 102,9%ды, өсүмдүк өстүрүүчүлүк 109,2%ды, ал эми кайра иштетүү өнөр жайы 120,1%ды түздү.

“2024-жылы агро өнөр жай комплексинде 5 багыт боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүзөгө аша баштады. Фермерлерди тейлөө борборлору ачылды, өндүрүштү ирилештирүү долбоорун ишке ашырууга кириштик, кайра иштетүү ишканаларын модернизациялоо, реконструкциялоо, реабилитациялоо иштери жүрүп жатат, мындан тышкары, “3+2” пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий