• 87
  • 90.59
  • 0.86

ТМУ БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму менен инклюзивдүү жана туруктуу өнөр жайды өнүктүрүүнү илгерилетет

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Түрк мамлекеттер уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму инклюзивдүү жана туруктуу өнөр жайды өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча кызматташтыкты чыңдайт. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун расмий сайтындагы маалыматта айтылат.

Анда белгиленгендей, биргелешкен декларацияга ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун башкы директору Герд Мюллер кол койду.

Жолугушуу Вена шаарындагы Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун башкы кеңсесинде өттү. Аталган декларация регионалдык кызматташтыкты жана өнүгүүнү илгерилетүү жолунда маанилүү кадам болуп калары белгиленди.

Маалымат үчүн: БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму өнөр жайды өнүктүрүүгө жана эл аралык өнөр жай кооперациясына көмөк көрсөтүү үчүн адистештирилген мекеме.

Уюм өзүнүн глобалдык ресурстарын жана тажрыйбасын өндүрүш, соода потенциалын түзүү, энергетика жана айлана-чөйрө багыттарында колдонуу менен адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий