Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Күн мурун Дубайда өткөн “World Travel Awards” эл аралык сыйлыгынын салтанаттуу аземинде Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев“Дүйнөлүк туризм лидери” сыйлыгына ээ болду.
Уюмдан билдиришкендей, аталган сыйлык тууралуу чечим 2024-жылдын декабрында Брюсселде өткөн Глобалдык туризм форумунда жарыяланган. Бул сыйлык дүйнөлүк деңгээлде белгилүү болуп, жыл сайын туризм тармагындагы эң мыкты ийгиликтерди белгилөө үчүн ыйгарылат.
Кубанычбек Омуралиевдин түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана аймактын эл аралык имиджин олуттуу көтөргөн инновациялык туристтик демилгелерди илгерилетүүгө кошкон зор салымын таануу болуп саналат. Түрк мамлекеттер уюму үчүн бул чоң мааниге ээ болгон сыйлык.
ТМУ дүйнөлүк деңгээлде таанылган туруктуу, инклюзивдүү жана маданий жактан байытуучу долбоорлорду киргизүү аркылуу туризмди өнүктүрүүдө жамааттык ыкманы ийгиликтүү ишке ашырууда.
Негизги долбоорлордун бири “Түрк Жибек жолу”
Бул уникалдуу туристтик маршрут ТМУга мүчө мамлекеттердин бай маданий жана тарыхый мурасын байланыштырууда. Санариптик платформа аркылуу саякатчылар ушул мурастарды таанып-билип, унутулгус тажрыйбага ээ болушат.
Ал эми “Табаррук зиярат” долбоору түрк дүйнөсүнүн ыйык жана руханий жерлерин бириктирип, элдердин маданий жана руханий байланыштарын чыңдайт. Бул долбоорлордун аркасында эл аралык деңгээлде жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, аймактагы туризмди жандандырып, элдер ортосундагы байланыштарды бекемдейт. Ошондой эле ТМУ активдүү түрдө кышкы туризмди да өнүктүрүүдө.
Түрк тоо лыжасы курортторунун биримдиги аймактын кооздугун гана эмес, активдүү эс алууну сүйгөндөр үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо.
“Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору” программасы мүчө мамлекеттердин шаарларынын маданий жана экономикалык статусун жогорулатууга жардам берет. Мисалы, жакында Жалал-Абад (Кыргызстан) 2025-жыл үчүн түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланды.
Экологиялык демилгелердин маанилүүлүгүн эске алуу менен ТМУ экотуризмди да активдүү түрдө өнүктүрүүдө. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, экономикалык өсүштү камсыз кылган туризм тармагындагы адистер үчүн кесиптик даярдоо программаларын ишке ашырууда. Соңку жылдары 1 000ден ашуун адис окутулуп, азыр дүйнөлүк деңгээлде кызмат көрсөтүүдө.
Дубайдагы сыйлык тапшыруу аземи түрк мамлекеттеринин дүйнөлүк туризм индустриясындагы жетишкендиктеринин чыныгы символуна айланды. Бул сыйлык, бир жагынан, ТМУнун жетишкендиктерин белгилесе, экинчи жагынан, мамлекеттер арасындагы кызматташтык кандайча кыйынчылыктарды мүмкүнчүлүккө, ал эми бай маданий мурастарды динамикалык туристтик сунушка айландыра аларын далилдейт. ТМУ өз жетишкендиктери менен чектелбейт, алдыга чоң пландарды коёт — аба каттамдарын кеңейтүү, түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү туристтик картасын түзүү жана «Түрк Жибек жолу» сыяктуу долбоорлорду алдыга жылдыруу.
Пикир
Оставить комментарий