Тоңдо селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Тоң районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-августта Тоңдун Көк-Мойнок-1 айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары болжол менен 30 турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн жана ички жолдорду каптаган.

Бүгүн, 28-августта тазалоо иштерин жүргүзүүгө 3 адамдан турган ыкчам топ, Балыкчы шаарынан 17, Тоң районунан 6, Ысык-Көл районунан 2 куткаруучу чыккан.

Мындан сырткары, аныктоо иштерин аткарууга ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү жана тазалоо иштерине көзөмөлдөө департаментинен 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 42 адам чыкты.

Ошондой эле оор жумуштарды аткарууга ӨКМден 6, жергиликтүү бийликтен 2 техника тартылды.

Пикир

Оставить комментарий