• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте тротуарларды жана жолдорду оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бишкекте тротуарларды жана жолдорду оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Садырбаев көчөсүндөгү тротуарды веложол менен оңдоо иштери жүрүүдө. Пландаштырылган тилке чыгыш тарабы Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин 2,8 чакырымды түзөт. Учурда бригада асфальт төшөө иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин 1,5 чакырымга асфальт аралашмасы төшөлгөн. Аталган тилкенин курулушун 2 жуманын ичинде бүтүрүү пландалууда.

Ошондой эле Абдрахманов көчөсүндө Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн аралыгындагы жердин негизин таптоо иштери жүрүүдө, буга чейин бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотуу иштери бүткөрүлгөн. Ушул жуманын аягына чейин бул тилкени бүтүрүү пландалып, Токтогул менен Москва көчөлөрүнүн ортосунда дагы ушундай эле иштер башталат. Белгилей кетсек, иш чыгыш тарабында жүргүзүлүүдө.

Унаа жолунда капиталдык оңдоо иштери аяктап, Ленск көчөсүндөгү тротуарды куруу иштери жүргүзүлүүдө. Иштер 90%га аткарылды. Асфальтка даярдоо иштери аяктагандан кийин асфальт төшөө бригадасы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий