Тоң районунда жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркап, эки аял каза болду — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Тоң районунда жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркап, эки аял каза болду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 7-июнда болжол менен түнкү саат 04:00дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында (Көк-Мойнок-1 айылы) “Хонда Степвагон” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн.

Жол кырсыгынан кесепетинен үч адам жабыркап, эки аял каза болгон. Жерине ӨКМдин 3 куткаруучусу тартылып, каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий