Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Алабаш айылына жаңы фельдшер-акушердик пункт (ФАП) салынды.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, курулуш толугу менен фонд тарабынан каржыланган — 11 млн сом.
"Медиктер буга чейин шарты жок эски имаратта иштеп, бир топ кыйынчылыктар жаралып келген. Жаңы имараттын салынышы менен көйгөйлөр чечилип, калкты сапаттуу медициналык тейлөөгө шарттар түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Аталган ФАПта бир кызматкер иштеп, 1,3 миңден ашуун жашоочуга кызмат көрсөтөт.
Пикир
Оставить комментарий