• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, 160 адам коңшу айылдарга эвакуацияланды

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Тоңдогу Зындан көлү жырылып, суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундар эвакуцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылындагы Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн.

Буга байланыштуу Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлдү.

Учурда куткаруучулар жеринде тактоо, көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруу иштери жасалууда.

Б.Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучунан алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий