• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Челябинскдеги жол кырсыгынан Кыргызстандын 8 жараны жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Челябинскдеги жол кырсыгынан Кыргызстандын 8 жараны жабыркаган. “Комсомольская правда – Челябинск” билдиргендей, “Хонда” минивени каршы тилкеге чыга калып, жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Кырсык 10-октябрда “Западный обход Челябинска” трассасында болгон.

“Хонданын” бардык жүргүнчүлөрү жабыркаган. Алар Челябинск ооруканасына жеткирлди. Жүк унаасынын айдоочусу жеңил жаракат алган.

“Кырсыктан 8 адам жабыркаган, - деп билдиришти Челябинск облусунун жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгы. – Жарааттары оорлор облустук, калгандары шаардык ооруканага жеткирилген”.

Учурда шаардык инспекторлор кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө. Минивендин номери чет элдик болгону, андагы жүргүнчүлөр –Кыргызстандын жарандары экени белгилүү. Унаа мекенине келе жаткан.

Кырсыктын себеби – кичи автобустун айдоочусунун уктап кеткени экени айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий