• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө үч күн мурун балык уулоого кеткен адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Түп районуна караштуу Маяк айылынын 1965-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну 10-апрелде көлгө балык уулоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган болчу.

Бүгүн, 13-апрелде куткаруучулар, суучулдар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар издөө иштерин улантышкан. Маркумдун сөөгү саат 10:40та суудан табылып, милиция кызматкерлери өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий