Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, Элмир Эдилбаев Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Күн мурун Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары Азамат Ибраев жаңы жетекчини Тогуз-Торо РИИБдин өздүк курамына тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Элмир Эдилбаев буга чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы болуп эмгектенген.
Ал эми Тогуз-Торо РИИБдин мурдагы жетекчиси Кадыров Руслан Ички иштер министрлигине которулуп кеткен.
Пикир
Оставить комментарий