• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Тогуз-Тородо ИИМдин “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. 2021 жылдын 9 декабрында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында “Бирдиктүү терезе” аталышындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча борбору иштей баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эми Тогуз-Торо районунун тургундары жарандардын соттолгон же соттолбогону боюнча тактамаларды Тогуз-Торо РИИБнен эле ала алышат.

"Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптимизациялоо, жарандардын ага жеткиликтүүлүгүн ыңгайлаштыруу, кызмат көрсөтүүлөрдүн убакыттарын, процедураларын азайтуу, андан сырткары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында Ички иштер министрлиги “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жарандарды заманбап форматта тейлеген борборлор бүгүнкү күндө иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган борборду ачуу аземи Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтык технологиялар бѳлүмүнүн начальниги милициянын подполковниги Тынчтыкбек Токтогулов, Тогуз-Торо РИИБдин начальниги Т.Сабырканов, ИИМнин маалыматтык технологиянын башкы башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жана мекеме жетекчилеринин катышуусунда ѳткѳрүлдү.

"Бирдиктүү терезе" принциби киргизилгенден баштап зарыл документтерди чогултуу үчүн убакыт үнөмдөлөт. Тактамаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат" – деп белгиледи Тогуз-Торо РИИБнин начальниги Т.Сабырканов.

Пикир

Оставить комментарий