• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Токаев COVID-19дан каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрүнө тезирээк компенсация төлөп берүүнү тапшырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.10.20 /Кабар/. Казакстан президенти Касым-Жомарт-Токаев 7-октябрда Нур-Султанда коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна даярдык маселесин талкуулаган жыйында Covid-19дан каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды сындады.

"Мен берген тапшырма боюнча экинчи жарым жылдыкта 150 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Бирок үстөк акы жана камсыздандыруу төлөмдөрүн алууда ушул кезге чейин бюрократиялык тоскоолдуктар болуп жатат", — деди Токаев.

Казакстан президентинин айтымында, кээ бир жерлерде кызматкерлер “сан менен ойноп”, үстөк акы бөлүштүрүү иштерин ачык жүрүзүшкөн эмес. Айрым башкы дарыгерлер медицина кызматкерлеринин жумуш убактысын туура эмес эсептеген.

30-сентябрга карата алынган маалымат боюнча Казакстанда 182 медицина кызматкери коронавирустан кайтыш болгон. Токаев алардын ичинен 37сине гана компенсация төлөнгөнүн билдирди.

Токаев жумуш маалында илдет жуктуруп алган медиктерге компенсация кыска аралыкта төлөнүп берилиши керек экенин эскертти.

Жазында жана жайында ондогон медиктер илдет жуктуруп алган бейтаптарды дарылашканы менен үстөк акы ала турган кызматкерлердин тизмесине киргизилбей калганына даттанышкан. Айрымдары бонустар туура эмес эсептелгенин билдирген.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда 8,5 миңден ашуун медицина кызматкери инфекция жуктуруп алган. Мыйзам боюнча илдетти иш учурунда жуктурганын далилдей алган медиктерге гана компенсация төлөнөт. Коронавирустан өлгөн медицина кызматкеринин үйбүлөсүнө 10 миллион теңге (23 миң доллардан ашык), илдетти жуктуруп алган кызматкерге эки миллион теңге төлөнөрү айтылган.

Пикир

Оставить комментарий