Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Токмок шаарындагы Ленин көчөсү №337 дарегинде жайгашкан "ККП" ишканасынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.
"Ишкананын аймагында чыккан өрт саат эртең мененки 08:58де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий