• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кечээ, 4-октябрда болжол менен түнкү саат 23:02лер чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Сузак районунун Жаны-Жер, Жийде, Сузак, Арал, Күмүш-Азиз, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 баллга, Жалал-Абад шаарында жана Бекабад айылында 3 баллга, Ош шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий