• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Токмокто рейддин жүрүшүндө эмгекке тартылган 8 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Токмок шаарында "Өспүрүм эмгек" аталышында рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд 14-15-январь күндөрү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматы тарабынан шаардын аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгекке тартылуусунун алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

Бул иш-чара социалдык коргоо, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп, шаардын аймагындагы соода түйүндөр, унаа жуучу жайлар, курулуш жайлар, кафелер, базарлар жана башка жайлар текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 8 жаш өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий