• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Токмоктогу мал базардан карыянын акчасын уурдоо фактысы боюнча иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Токмок шаарындагы мал базардан карыянын акчасын уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 16-октябрда интернет тармагында карыя Токмоктогу мал базарына аш өткөрүүгө жылкы алганы келип, бирок 120 миң сомун уурдатып алганы тартылган видео тараган. Базарга келген кайдыгер эмес жарандар карыяга 115 миң сом чогултуп беришкен.

Окуя боюнча Токмок шаардык милициясына эч ким арыз менен кайрылган эмес. Ал эми социалдык тармакка чыккан факты ошол эле күнү электрондук маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүү убагында акчасын уурдаткан карыянын өздүгү аныкталып, ал 79 жаштагы К.М. аттуу жаран болгон.

Эртеси, 17-октябрда милиция кызматкерлери карыянын үйүнө барып, сүйлөшүү иштерин жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн натыйжасында карыя арызы менен кайрылган. Ал арызында 16-октябрда саат 09:00дөр чамасында Токмок шаарындагы мал базарынан белгисиз адамдар анын 120 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (“Уурулук”) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен иш козголгон.

“Учурда жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында кылмыш иликтөө башкармалыгынын тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлери жана тергөөчүлөрү иш алып барууда. Ошондой эле Токмок шаардык милициясынын өздүк курамы тарабынан күбөлөрдү жана шектүүлөрдү аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул кылмыш ишинин жүрүшү ИИМдин жетекчилиги тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда”, - деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу тарап блогерлерди жана социалдык тармактардын өкүлдөрүнөн анын жашына жана ден соолугуна байланыштуу тынчын албасын суранууда.

Пикир

Оставить комментарий