• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Токмокто мал базардан акчасын уурдаткан карыяга жергиликтүүлөр 115 миң сом чогултуп беришти

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Токмокто мал базардан акчасын уурдатып алган карыяга жергиликтүүлөр 115 миң сом чогултуп беришти.

Видеонун авторунун сөзүнө таянсак, карыя мал базарга аш өткөрүүгө жылкы алганы келип, бирок 120 сомун уурдатып алган. Базарга келген кайдыгер эмес жарандар карыяга 115 миң сом чогултуп беришкен.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы аталган факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди.

Учурда милиция кызматкерлери шектүүнү издөөдө.

Пикир

Оставить комментарий