• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Токой жерлерин ижарага берүүдөн 64,5 млн сом киреше түшкөн

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Токой жерлерин ижарага берүүдөн 64 млн 589 миң 968 сом киреше түшкөн. Бул тууралуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде токой чарбасын натыйжалуу жүргүзүү, токойлордо жана ага чектеш аймактарда жашаган калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле токойлорду өстүрүүгө, сактоого, коргоого жана пайдаланууга калкты тартуу максатында 325 миң гектар токойлуу жана токой эмес жерлер, анын ичинде 277,7 миң гектар токой жайыттары ижарага берилди.

Токой жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн киреше 64 млн 589 миң 968 сомду түзүп, анын ичинен токой жайыттарын пайдалануудан 15 млн 25 миң 863 сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий