• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Конституциялык сот ЖК депутаттарынын кол тийбестиги боюнча ишти карайт

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Конституциялык сот Т.К.Самаковдун кайрылуусу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги боюнча ишти карайт.

Конституциялык соттун аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, арыз ээси депутаттын кол тийбестиги айрым депутаттын жеке коопсуздугун камсыз кылбаш керек жана мамлекеттик бийликти натыйжалуу жүзөгө ашыруунун кызыкчылыгында орнотулууга тийиш деп эсептейт.

Буга байланыштуу ал Жогорку Кеңешке депутатка карата жазык ишин козгоого Башкы прокурорго макулдук берүү же андан баш тартуу укугун берүү ченеми мыйзамга карама-каршы келет деп эсептейт.

Самаковдун пикиринде, бул ченем Жогорку Кеңештин депутаттарын башка кызмат адамдары, ошондой эле жарандар менен бирдей эмес укуктук абалга коет, ошондой эле мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципти бузат.

Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишке байланыштуу айткан ой-пикирлери үчүн же депутаттын ишинин өзгөчөлүгү менен шартталган Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес деген конституциялык жобону талашпастан Т.К.Самаков эч ким абсолюттук кол тийбестикке ээ боло албайт деп эсептейт.

КР Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 9-мартындагы аныктамасы менен Т.К. Самаковдун “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамынын 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий