• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министринин орун басары Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Ислам өнүктүрүү банкынын техникалык тобу менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар билим берүү тармагы үчүн артыкчылыктуу деп эсептелген 4 багытта кызматташуу маселелерин талкуулады.

Атап айтканда, министрдин орун басары мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакчалар менен камсыз кылуу, жалпы билим берүү уюмдарынын жетишсиздигин жоюу үчүн мектептерди куруу, санариптик билим берүү платформасы жана PISAга даярдоо сыяктуу тармактарда мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.

Ошондой эле Токтобүбү Ашымбаева Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын миссиясы менен келген ИӨБдүн өкүлдөрүнө билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жасалып жаткан аракеттер жана андагы кыйынчылыктар тууралуу маалымат берди.

Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү бардык сунуштарды жана идеяларды эске алып, кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий