• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токтогул көчөсү убактылуу эки тараптуу болот – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө убактылуу эки багыттагы жол кыймылы болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда көчөгө тиешелүү жол белгилери орнотулууда. Эки багыттагы жол кыймылына 31-октябрга чейин уруксат берилет.

Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн ортосундагы тилкеси оңдоо иштерине жабылды.

Пикир

Оставить комментарий