• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

МСК: Салык кызматтарын 607 миң салык төлөөчү онлайн пайдаланууда

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. 2022-жылы 235 миң 72 салык төлөөчү Мамлекеттик салык кызматынын Salyk.kg “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” сервисин пайдаланууга өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө 607 миң 118 салык төлөөчү салыктык кызматтарды онлайн пайдаланууда, анын ичинде 536 миң 578 жеке жак, 70 миң 540 юридикалык жак.

Мындан тышкары, 64 миң 599 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен отчетторду беришүүдө.

Salyk.kg жарандарга салык кызматтарын акысыз онлайн пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Бул кызмат колдонуучулар үчүн ыңгайлуу, анткени ал убакытты үнөмдөйт жана отчетту, салык декларациясын онлайн тапшырууга, салыктарды, анын ичинде патент жана камсыздандыруу полисин төлөөгө, арыз берүүгө, маалымкаттарды алууга, салык кызматы менен кат алышууга мүмкүндүк берет.

Салык төлөөчү өзүнүн жеке кабинетине кирип, башка кызматтардан да пайдалана алат. Мисалы, бюджет менен эсептешүүлөрдүн абалы, салыктардын төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат, ИСН, мүлккө салыкты эсептөө ж.б.

Белгилей кетсек, Салык кызматы “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын тизмесин кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий