Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чоң-Арык айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жерине 1 өрт өчүрүүчү бир бөлүм тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен үйдүн 227 чарчы метр аянты күйгөн. Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана жалпы чыгым такталууда.
Пикир
Оставить комментарий