Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,4 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 434 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 559 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 165 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий