• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 8 млрд куб метрге жетти

Коом 0

Бишкек, 10.04.23./Кабар/. Бүгүн, 10-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 985 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 316 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 204 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий