• 87.86
  • 93.94
  • 1

13-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 13-майда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23...+28, Талас облусунда +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл облусунда +17...+22 жана Нарын облусунда +18...+23 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +25...+27 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий