Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көбөйүүдө

Коом 0

Бишкек, 18. 06.24. /Кабар/. 17-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 412 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 795 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 351 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий