Тоолор, боз үй жана көөкөр. Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты

Аймак 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Нарын облусунун туристтик логотиби иштелип чыкты, деп билдирет Туризм департаментинин маалымат кызматы.

Логотибде облустун жаратылышын чагылдырган бийик тоолор, анда байыр алган аркар, өлкөдө уникалдуу деп саналган “Таш-Рабат” тарыхый-маданий объектиси, облустун төрт районунун аймагын камтыган айтылуу “Соӊ-Көл” көлү ошондой эле, кыргыздын улуттук-маданий баалуугу болгон боз үй, кыргыздын улуттук суусундугу кымыз куя турган идиши – көөкөр чагылдырды.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун туристтик брендин (брендбук) иштеп чыгууга региондордо туризмди өнүктүрүү анын дараметин чет элдик туристтерге таанытуу жана жайылтуу максатында Туризм департаменти колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий