Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" Эл аралык тоо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, анда Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларация сунушталды. Бул тууралуу президенттин адинистрациясынан билдиришти.
Бул декларация Кыргызстан тарабынан демилгеленип, бүгүнкү күнгө чейин аны 17 мамлекет колдоду. Дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын жана финансы институттарынын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан иш-чара Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана уникалдуу тоо экосистемаларын сактоо боюнча демилгелерине арналды.
Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерин ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова иш-чараны ачып жатып, Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди (2023-27-жж.) биргелешип жылдыруу боюнча өнөктөш өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди, ошондой эле Кыргызстандын делегациясынын Баку шаарында өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына (БУУ КАК) катышуусунун жыйынтыктары менен бөлүштү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн тоо күн тартибинин актуалдуулугун, ошондой эле биргелешип натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуунун жана тоо экосистемаларын сактоо жана тоолуу аймактардын жашоочуларынын бакубаттуулугун камсыздоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларация тоолордун туруктуу өнүгүүсүн глобалдык жана улуттук климаттык саясатка интеграциялоого, климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу экосистемага тийгизген таасирине мониторингди жана баа берүүнү жакшыртууга, тоолуу аймактарда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле БУУ КАКтын күн тартибине тоо маселесин киргизүү боюнча диалогду жана консультацияларды улантууга багытталган.
Иш-чарада Владислав Ушаковдун Кыргызстандын тоолорундагы уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүнө арналган сүрөт көргөзмөсү тартууланды.
Пикир
Оставить комментарий