• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Транспорт министри Ош облусундагы жол оңдоо иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жол оңдоо иштери менен таанышып, жеринде тапшырмаларды берди.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда жумуштар үч тилкеде кызуу жүрүүдө. Жалпы 138 чакырымды түзгөн жолдун быйыл 20 чакырымына асфальт төшөө каралган. Анын жарымы демөөрчү тарабынан жасалса, 10 чакырымы республикалык бюджеттин эсебинен оңдолот.

Абсаттар Сыргабаев ишти ыкчамдатуу менен сапатына басым жасоо керек экенин билдирип, быйылкы жылы жасала турчу жумуштар жеке көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Министрликтин маалыматы боюнча, былтыр Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 8 чакырымына асфальт төшөлгөн.

Ошондой эле быйыл Өзгөн – Мырзаке жолунун 12 чакырымына асфальт төшөө пландалууда.

Тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан аткарылчу жумуштар бүтөр менен жол оңдоо иштери башталмакчы.

Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Абсаттар Сыргабаев Жол тейлөө ишканаларынын абалы менен жеринен таанышып, жергиликтүү жетекчилерге тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий