• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад облусунда мал уурулугунун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мал уурулугунун алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак, Ала-Бука жана Тогуз-Торо райондорунун тартип сакчылары милициянын көчмө кабылдама унаасы менен аймактарды кыдырышты. Жергиликтүү тургундарды талаада малдарын кароосуз калтырбай, ар дайым көзөмөлдөө керектигин эскертишти. Мал талаада кароосуз калгандыктан уурулардын кылтагына оңой илинип калып жаткандыгы баса белгиленди. Айрыкча чек арага жакын аймактарда малдарды кароосуз калтыруу кооптуу экендиги айтылды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери мал уурулуктарга бөгөт коюу максатында чыгарылган атайын эскертүү баракчаларын таркатышты.

Пикир

Оставить комментарий