• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда интернет жакшы иштебей жаткандыгынын себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү.

“Кабар” агенттигине билдиришкендей, магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо.

“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары, резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

“Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Учурда бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий