• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Транспорт министри Зардалыга барчу жолдун абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына жөө баруучу жолдун абалы менен жеринен таанышты.

Ведостводон маалымдашкандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталат.

Белгилей кетсек, бир апта мурда Зардалыга бара турган жалгыз унаа жолдун тар жерлери тазаланып, кеңейтилген.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон алыскы айылы. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.

Эскерте кетсек, күн мурун президент Садыр Жапаров аталган айылга барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолуккан. Анда тургунда жол жана электр энергиясынын жоктугу негизги көйгөй экенин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий