• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Транспорт министрлиги айдоочуларга бир жумада 1,5 млн сомдон ашык айып салды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 9-сентябрда башталган текшерүү иштеринин бир аптасында 14 миң 797 транспорт каражаты, анын ичинен 925и жүргүнчү ташуучу, 13 миң 872 жүк ташыган унаа текшерилди.

Анда тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Укук бузуулар кодексинин негизинде 229 протокол түзүлүп, 1 млн 688 миң 500 сом айып пул салынды.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алууга багытталгандыгын белгиледи.

Маалымдалгандай, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий