• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 07.12.24./Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы абал тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, жолдордо “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “”Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 12:30да алынды. Ал эми Арал постундагы чектөө ( оор жүк ташуучу унааларга чектөө) азырынча алына элек.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунда, Бишкек - Нарын Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ошондой эле Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык.

Транспорт министрлиги айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий