• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Транспорт министрлиги Баткен облусундагы жол куруу иштери тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Баткен облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан жол куруу иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда № 2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

  • Кызыл-Бел – Достук унаа жолунда асфальт төшөө жумуштары жүрүүдө, бүгүнкү күндө 5 чакырымы басылды.
  • Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунда жер иштери жүрүп жатат. 1,7 чакырым жол жаңыдан сайдан чыгарылып, салынды. Ал эми 1,5 чакырым жеринде кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.
  • Бужум – Баткен – Исфара жолунун 3-чакырымында жер жумуштары жыйынтыкталып, асфальт төшөө иштери башталууда.
  • Сох – Кан – Зардалы жолунун 12-чакырымында көпүрө куруу жумуштары жүрүүдө. Ушул эле жолдун Зардалы айылына түшкөн Кашка-Суу тилкесинде кооптуу бурулушту жардырып, жол ачуу иштери аткарылууда.

№ 13 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

  • Самат – Замборуч – Жаркыштак автоунаа жолуна асфальт төшөлүүдө.
  • Раззаков айланма жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда.

№ 46 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

  • Үч-Коргон – Чаувай автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн негизин даярдоо, жолду кеңейтүү жумуштары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий