• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Транспорт министрлиги: Убактылуу чектөөнү бузган айдоочуларга 4 млн сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти күн ысыкта асфальт жолго чыккан оор жүк ташуучу унааларга карата текшерүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

Ведомствонун маалыматына караганда, инспекторлор тарабынан 1-июндан тарта бүгүнкү күнгө чейин “жылуулук режимин” сактабаган транспорт каражаттарынын ээлерине 213 протокол түзүлүп, жалпы 3 млн 877 миң 500 сом айып пул салынды.

Белгилей кетсек, салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Бул чектөө:

— жүргүнчү ташыган;
— гуманитардык жардамды ташыган;
— тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган;
— берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган;
— жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.

Транспорт министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, текшерүү иштери 21 транспорттук көзөмөлдөө пунктунда жана 10 мобилдик топ аркылуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий