• 87
  • 89.63
  • 0.85

Транспорт министрлигинде мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын бузулгандыгы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгында мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарынын бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан “Мамлекеттик тил” конституциялык мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча 5 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузууга жол беришкендиги ачыкталды.

Башкармалыктын иш кагаздары, жарандарга берилүүчү маалыматтар, жоболор жана буйруктар расмий тилде жүргүзүлүп, мамлекеттик тилде толук кандуу иштер аткарылбай келгендиги аныкталды.

Ошондой эле мекеменин иш-мерчемдери, автоунааларды каттоо китепчелери, кызматкерлердин нөөмөт убактылары, иш алып баруу эрежелери расмий тилде жазылгандыгы, жеке ишкананын мамлекеттик тилдеги кайрылуусуна расмий тилде жооп берилгендиги белгилүү болду.

Текшерүүдөн соң ченемдик укуктук актылардын бузулушу кароонун жыйынтыгы менен толук четтетилгендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий