Бишкектин Толстой көчөсүндөгү тротуарга асфальт төшөө иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Лев Толстой көчөсүнүн түндүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жана түштүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Лев Толстой көчөсүндөгү Логвиненко көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин түндүк тарабындагы тротуарга асфальт төшөө иштери башталды.

Логвиненко көчөсүнөн Манас проспектисине чейин арыктарды орнотуу жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий