• 87
  • 89.63
  • 0.85

Турак жайын камсыздандыргандарга кырсык болсо 1 млн сомго чейин төлөнөт

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Турак жайын камсыздандыргандардын үйү кырсыкка учураганда 1 млн сомго чейин төлөнөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Уюмдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда турак жайын камсыздандыргандардын саны өсүүдө. 30-ноябрга карата турак жайды камсыздандыруу боюнча жалпысынан 219 миң 33 келишим түзүлдү. 2023-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 131 миң 685 келишимге жеткен.

Өлкөдө 1 млн 212 миң 901 турак жай бар. Бүгүнкү күндө алардын 18%ы камсыздандырылды. Облустар жана шаарлар боюнча бөлүп карасак:

Өлкө боюнча 2024-жылдын 30-ноябрына карата 342 турак жай өрттөн жана табигый кырсыктан жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан аларга жалпы суммасы 60 млн 169 миң 848 сом төлөндү. Ал эми былтыркы жылдын ушул мезгилинде 147 төлөм жүргүзүлүп, 24 млн 613 миң сом берилген.

Турак жайды камсыздандыруунун тарифи:

  • Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу полисинин баасы айыл жергесинде 600 сомду түзүп, үй кырсыкка учураганда 500 миң сомго чейин төлөнүп берилет.
  • Шаардагы турак жайды камсыздандыруунун баасы 1200 сом, аларга 1 млн сомго чейин каражат төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий