• 87
  • 89.63
  • 0.85

Туризмди өнүктүрүү фонду менен HUAHE International компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Крнын Туризмди өнүктүрүү фонду менен кытайлык HUAHE International консалтинг компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Фонддон билдиришкендей, документке фонддун президенти Кылычбек Рысалиев жана HUAHE президенти Чуанву Лю кол коюшту.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле Туризм фондунун жана HUAHE International компаниясынын өкүлдөрү катышты.

"HUAHE International компаниясынын президенти туристтик маршруттарды иштеп чыгуу, туризм рыногун өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле Кыргызстандагы туризм инфраструктурасын жакшыртуу боюнча консультациялар үчүн кытайлык эксперттерди тартуу боюнча кызматташууну сунуштады",-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, меморандум 6-декабрда өткөн жолугушуунун жемиштүү жыйынтыгы болду.

Эске салсак, 6-декабрда өткөн жолугушууда туризм жана экономика тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий