Туу жана Ак калпак күнү. Жалал-Абад шаарында бир катар көчөлөр убактылуу жабылат

Аймак 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эртең, 3-март - Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына жана 5-март - Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага байланыштуу эртең, 3-мартта Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүнүн Барпы-Сейил жана Токтогул көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү, Эркиндик көчөсүнүн Жусуп Бакиев жана Ленин көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү саат 7:00дөн 10:00гө чейин убактылуу жабылат.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий