Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда министрлик менен Тынчтык корпусунун 2025-жылга карата пландары жана мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.
Тынчтык корпусунун волонтерлорунун санын көбөйтүү жана алардын Кыргызстанда иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тынчтык корпусунун директору ыктыярчыларды дайындоо үчүн министрлик сунуштаган мектептердин тизмесин берүүнү өтүнүп, бул тизме Тынчтык корпусуна өз ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүсүнө жардам берерин билдирди.
Тараптар кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн да карап чыгышты. Ошону менен бирге Тынчтык корпусунун иши жана министрликтин демилгелери жөнүндө калкты жана билим берүү мекемелерин кабардар кылуу үчүн социалдык тармактарды жана медианы колдонуу боюнча пландарды талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү билим берүү системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинде "Алтын Казык" программасы, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, STEM-дисциплиналарды киргизүү жана мектептерде англис тилин тереңдетип окутууу маселелери боюнча маалымат беришти.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган үзүрлүү кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдиришти.
Пикир
Оставить комментарий