Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясында “Өлкөдөгү баңги кырдаалы жана баңги кылмыштуулугуна каршы күрөштөгү чакырыктар" деген темада лекция өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Академиянын угуучулары үчүн Кыргызстандагы баңгиликтин учурдагы абалы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана баңги кылмыштуулук менен күрөшүү көндүмдөрүн калыптандыруу максатында уюштурулган.
Лекцияны Баңгизаттарды мыйзамсыз жүшүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Тергөө кызматынын жана Криминалистикалык кызматынын кызматкерлери өткөрүштү. Алар баңгизаттарды таратуу, алардын контрабандалык жолдору жана бул көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик түзүмдөр көрүп жаткан чаралар тууралуу актуалдуу маалыматтар менен бөлүшүштү.
Лекциянын жүрүшүндө баңгизаттарын сатуу маселелери, жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна баңгизаттардын таасири, ошондой эле бул кылмыштуу көрүнүшкө каршы аракеттенүүнүн актуалдуу стратегиялары талкууланды. Өзгөчө көңүл баңгикылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкка, ошондой эле жаштар менен профилактикалык иштин маанилүүлүгүнө бурулду.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай лекциялар коопсуздук жана укуктук тартип жаатында, ошондой эле баңгизатка байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу иштей турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо чоң мааниге ээ.
Пикир
Оставить комментарий