• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

УКМК: Балыкчыда эки жол инспектору пара талап кылууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. Балыкчыда эки жол инспектору пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдириди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын тутумундагы туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Тактап айтканда, туристтик сезон мезгилинде жүргүнчүлөрдөн Ысык-Көл ОИИБнин ЖКККБнын жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кайгуул башкармалыгынын айрым кызмат адамдары системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылып жүрүшкөндүгү аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 2024-жылдын 31-июлунда Балыкчы шаарынын аймагында КР ИИМдин ЖКККББнын эки кызматкери пара талап кылган деп шектелип кармалды.

Ошол эле күнү Балыкчы шаардык ИИБнин Катардык плацында аппараттын, полктун жана Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчилигинин, КР УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган дагы башка инспекторлор катардан чыгарылып, кармалган.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда белгиленген коррупциялык схемага КР ИИМ ЖКККББнын башка жооптуу кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иштер уланууда. Ошондой эле жасалган кылмыштардын факт жүзүндөгү жагдайларын аныктоого багытталган чаралардын комплекси жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча бардык тиешеси бар адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий