Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жаран Никита Гончаровго КР идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун алууга жардам берди.
УКМКдан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылы 12-июлда "Facebook" социалдык тармагында жаран Никита Александрович Гончаровдун УКМК төрагасынын атына КР улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуусу жарыяланган.
Үй-бүлөлүк оор шарттарга ылайык, Н.А. Гончаровдун жети жашында апасы ооруп калганына байланыштуу каза болуп калган. Кийинки жылдары атасынын колунда чоңоюп, зарыл болгон алгачкы документтеринин жоктугунан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун ала алган эмес.
Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан өздүгүн аныктоо жана архивдик материалдарды чогултуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.
Ошентип, бүгүн, 26-июлда Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Гончаров Никита Александровичке КР идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды.
Пикир
Оставить комментарий